Сооронбай Жээнбеков камчы белек кылган жигитке канча сом берди?

Акыркы кезде президент Сооронбай Жээнбековдун эл менен самолетто учканын, театрга барганын, Аалы акындын концертине баш бакканын коомчулук өтө сезимталдык менен кабыл алууда.

Эгемен жылдары эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдын тереңдеп кеткенинен улам коомчулук Ажонун элге аралашканын катуу талкуулап жатышат.

Антпесе, өнүккөн өлкөлөрдө мындай нерсе адаттагы эле көрүнүш.

Келечекте биздин өлкөдө бир гана президент эмес, депутат, чиновниктер да чиренбей, троллейбуска түшкөндөн уялбай, эл менен эле, көчө аралап жүргөн өлкө болоорбуз. Анткени, каалайбызбы, каалабайбызбы коомдун жүрүм-турумунун жогорку планкасын баары бир президент аныктайт. Ал эми Ажо, мына 2 жылдан ашып баратат, элге жакын Инсан экендигин, ашыкча шаан-шөкөтсүз эле иштесе болоорун далилдеп койду.

Болбосо, С.Жээнбеков президенттик ишине жаңы киришкенде, “эртең менен жумушка эрте келет экен, президент келген трасса буулбай калды” деп, муну да бир чоң окуя кылганыбыз эсибизде. Соцтармак мындай турсун, ири маалымат сайттары жаңылык катары жазып чыгышкан. “Чубалжып ээрчиген кортеджсиз  эле жүрөт экен” деген да кептер анда-санда соцтармакта пайда болууда. Жээнбековдун кулк-мүнөзүн билгендер, “бул жеңил пиар эмес, бул анын иш стили, өзүнүн нукура табияты” деп айтып калгандарын көп угабыз.

Ал эми кечээ жакында эле акындардын айтышына барган президентке сахнадан чуркап келип, камчы белек берген жигиттин видеосу да соцтармактарга чыгып, ажонун жөнөкөй, тамашаны түшүнө билгени коомчулукта жылуу пикир жаратты.

Ажого камчы белек кылган жигит  президенттен канча сом алды көпчүлүккө табышмак боюнча калды.

Акындардын айтышындагы концертте Сооронбай Жээнбековго камчы белек берген жигит.