Окуялар

Ош базарында дагы өрт чыкты

Бүгүн, 7-февралда таңга жуук  Ош базарынан өрт чыкты.  Өрт өчүргүчтөр келип саат тогузга чейин тилсиз жоону толугу менен өчүрүп бүтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрттөн эч ким жабыркаган жок. Мекеменин маалыматына караганда, тилсиз жоо төрт соода павильонунан чыгып, жалпы аянты 270 чарчы метрди түздү.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 14 өрт катталып, аларды өчүрүүгө 25 бөлүм тартылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button