Коом

Көчөдө кайырчылык кылган жаш балдарга рейд жүрдү(фото)

Бишкек шаардык милициясы жаш балдардын тилемчилиги боюнча рейд жүргүзүштү.

Бишкек шаарындагы базарларда, соода борборлорунда жана эл көп жүргөн башка аймактарда тилемчилик кылуусунун алдын алуу боюнча Октябрь РИИБнин жашы жете элек балдар менен иш алып барган инспекторлору “Лидер” аталыштагы иш-чара уюштуруп, тилемчилик кылгандандарга эскертүүлөр берилди.

Бул рейддин жүрүшундө Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында тилемчилик кылып жүрушкөн 10 жашы жете элек бала аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргөн соң ата-энелерине кайтарылып берилди. Октябрь РИИБи ата-энелерге балдары тилемчилик кылбоо үчүн үйдөн да түшүндүрүү, тарбия иштерин жүргүзүү керек экендигин эскертишкен.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button