Окуялар

Жасалма 30 миң долларды сатууга аракет кылгандар кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жасалма долларды сатууга аракет кылгандардын жолун бууду.

Маалыматка ылайык, 16-февралда ыкчам-тергөө иш чаралары маалында 30 миң долларды сатууга аракеттенген үч жаран кармалган. Алардын бары Кыргызтандын жарандары болгон.

Такталган кабар боюнча жасалма акчалар коңшу мамлекеттен келген. Кармалган жарандар 10 миң жасалма долларды 4 500 чыныгы долларга алмаштырууну пландашкан.Аталган кылмыш иши Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

Атайын кызмат тарабынан кармалгандар Жалал-Абад шаарынын сотунун өкүмүнө ылайык, УКМКнын Ош шаарындагы СИЗОсуна эки айга камалды.

Abal.kg


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button