Окуялар
Кечээки митингден 24 милиция кызматкери жаракат алышты
2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Бул тууралуу ИИМдин Басма-сөз кызматы билдирди.
Алардын 162 менен тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң кое берилди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.
Abal.kg