Бишкекте болгон митингде 22 киши жаракат алып, дарыгерлерге кайрылган

2-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингчилерди таратуу учурунда 22 киши дарыгерлерге медициналык жардам үчүн кайрылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча кайрылгандардын 19 күч түзүмдөрүнүкү болсо, үч киши жай тургундар. Алардын барына жеринде жардам берилген.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгып, аны бошотуп актагыла деген талаптарын койгон. Кеч киргенине карабастан митингди уланткандыктан милиция атайын каражаттар менен кубалап тараткан. Милиция жүздөн ашык кишини кармап, кайта коё берген. Бирок төрт киши камакка алынган.

Abal.kg