8-мартта мыйзамсыз митингге чыккандарга айыппул салынды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирет. 8-март күнү болжол менен 12:00 чамасында Жеңиш аянтында “Феминалле” жана “8/365” коомдук жүрүштүн өкүлдөрү баш аламан миттингин Свердлов районунун акими жана Бишкек шаарынын мериясы менен макулдашпастан уюштурган.

Мындан тышкары, уюшуруучулар пландалган митингге коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдарына билдирбегендиктен, ар кандай чагымчылдыкка жана коомдук тартипти бузууга алып келген. Акциянын жүрүшүндө митингдин катышуучулары менен өзүнчө топтордун ортосунда кайым айтышуу болуп, андан соң жаңжалга айланып кеткен.

Ошол себептен мындан дагы чоң жаңжалга айланып кетпеш үчүн милиция кызматынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрүшкөн.

Натыйжада эки тараптан тең чагымчыл аракеттери жасаган жарандар Свердлов районунун ИИБна жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 82-беренесинин (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) негизинде санкцияланбаган митингдин 6 катышуучусу, 1997-жылы туулган К.А, 1998-жылы туулган А.М, 1984-жылы туулган А.Г, 1986-жылы туулган К.А, 1973-жылы туулган Т.Г, 1982-жылы туулган С.М жана коомдук тартипти бузганга катыштыгы бар 5 жаранга, алар; 1976-туулган К.З, 1999-жылы туулган Ш.Э, 1998-жылы туулган А.М, 1993-жылы туулган К.Б, жана 1963-жылы туулган Д.К. карата протоколдор түзүлүп, айыптар салынган.

Билдирме: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 82-беренеси: Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө. Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө, 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Abal.kg