Дүйнө

Кытайда коронавирусту эң биринчи жугузуп, элге жайылткан аял табылды

Коронавирус жуктурганы  аныкталган биринчи бейтап креветкаларды саткан кытайлык аял экен. Бул туурасында Кытайдын ММКларына таянып 26 -мартта РИА Новости билдирди.

Фамилиясы Вэй деген аял Ухандын «Хунань» базарында тирүүлөй креветкаларды сатчу экен. 2019-жылдын 11-декабрында белгсиз бир себептер менен температурасы көтөрүлүп кеткен, анан клиникага кайрылган.  Сатуучу аял, ноокастап калганда ооруканага барып, ийне сайдырып (укол) алсам эле эртеси жакшы болуп кетчүмүн дейт. Бирок бул жолу ага бир эмес эки жолу ийне сайышса да жардам берген эмес.

16-декабрда креветкаларды саткан аял Хуачжунь илим жана технология университетинин «Сехэ» оорканасына кайрылган. Кийинчерээк ал аял «Хунань» базарында коронавирус жуктурганы аныкталган биринчи адам экени бышыкталган. Инфекция ушул базардан тараган деген жоромол бар. Бирок вирус аны алып жүрүүчү жаныбардан канткенде жана кандайач жол менен адамга өтүшү мүмкүн экенин адистер азырынча аныкташа элек.

31-декабрда Ухандын саламаттык сактоо комитети илдет жугузгандардын биринчи тобунда — 27 киши бар деп билдирген. Журналисттер коронавируска чалдыккан ошол бейтаптардын тизмесинин көчүрмөсүн алышкан, алардын   24ү  «Хунань» базары менен контакта болушкан, а төртөө бир үй-бүлөөнүн мүчөлөрү экен.

Кытайдын ММКлары «Хунань» базары менен эч кандай контакта болбогон, бирок илдетти биринчи жуктурган адамды да таап чыгышты. Ал фамилиясы  Чэнь деген эркек киши. 16 – декабрда анын температурасы көтөрүлгөн. Ал Ухандын четиндеги ооруканага кайрылган. Бейтап бул илдетти каяктан жугузуп алганын такыр түшүнө албайт. Ошол эле учурда ал өзүнүн үй бүлөө мүчөлөрү жана аны ооруканага коштоп барган киши оорушкан жок деп билдирген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button