Дүйнө

Цукерберг менен Гейтс коронавирус менен күрөшүүгө 25 млн. доллар бөлөт

Facebook менен Microsoft компанияларынын башчылары Марк Цукерберг менен Билл Гейтс коронавируска каршы дарыны иштеп чыгууга 25 миллион доллар бөлөт.

Маалымат боюнча Цукерберг учурда оор илдеттерди дарылоодо колдонулган дары-дармектердин бардыгын COVID-19 инфекциясына каршы сынап көрүү боюнча Chan Zuckerberg Initiative фондунун демилгесин колдойт.

“Биз Гейтс жана башкалар менен бирге 25 миллион доллар бөлөбүз. Анткени бул ишти тез аранын ичинде башташ керек”, — дейт Цукербергдин аялы Присцилла Чан.
Марк Цукерберг башка ооруга карата чыгарылган айрым дарылар коронавирусту дагы жеңе ала тургандай болуп калышы ыктымал деп эсептейт.

“Тигил же бул ооруну дарылоодо өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн дарыларды коронавирусту дарылоодо сынап көрүү керек. Балким окумуштуулар тарабынан чыгарылган дарылар дүйнөнү каптап жаткан пандемияны токтото алышы ыктымал”, — дейт Facebook компаниясынын башчысы.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button