Россияда коронавируска каршы дарыны сунушташты

Федералдык медико-биологиялык агентство (ФМБА) коронавирусту дарылоо үчүн «Мефлохим» дарысын сунушташты, деп билдирди  28-мартта ТАСС.

Бул дары коронавирус инфекциясын Кытай менен Францияда дарылоо тажырыйбасынын негизинде иштелип чыккан. «Мефлохим» клеткалардын ичинде коронавирустун цитопатикалык  эффекттин (көбөйүүсүн) блоктой алат жана ошондой эле вирустан улам пайда болгон сезгенүү процессинин  активдешүүсүнө тоскоолдук кылат,  деди Россиянын ФМБАсынын директору  Вероника Скворцова.

«Бул дары тумоодон ар кандай абалда жабыркаган бейтаптарды эффективдүү дарылай алат», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Мефлохин – безгекке каршы дары.  Анын  эффективдүүлүгү  СОVID-19га каршы күрөштө   бышыкталды. Ал башка препарат-аналогдоруна караганда  анча уулуу эмес, деп билдирген РИА Новостиге,  биология илимдеринин доктору, АКШдагы GMU системалык биология мектебинин  профессору Анча Баранова.

Abal.kg