Дүйнө

Кытайда коронавирус эпидемиясы токтоду

Кытайдын территориясында коронавирус инфекциясынын жайылышы токтоду, деп айтты КЭРдин саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэн. Бул туурасынды 29-мартта РИА-Новости кабарлады.

 «28-мартка карата инфекция жугузгандары бышыкталгандардын саны 3 миңден азайды, эпидемиянын Кытайдын территориясына таралышы негизинен токтоду», — деп билдирди Ми Фэн.

Акыркы тактоолорго караганда Кытайда эпидемиянын башталышынан тартып  81 439 киши жугузган, анын ичинен 75 448и айыкты,  3300ү көз жумду.

2019-жылдын  31 – декабрында Кытай бийлиги  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ВОЗ) өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмония чыкканын маалымдаган. Адистер оорунун козгогучу жаңы коронавирус экенин аныкташкан. Кийин бул илдет COVID-19 деген расмий ат алды. 11- мартта ВОЗ дүйнөдө жаңы пандемия башталганын жарыялаган. КЭРдин саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү12-мартта өлкөдө эпидемиянын пиги өттү деп билдирген.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктурган 84 адам аныкталды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button