Дүйнө

Москва менен Подмосковьеде 30- марттан тартып өзүн-өзү изоляциялоо киргизилди

Баардык тургундар, жаш курагына карабастан, муктаждыксыз  жашаган жеринен эч жакка чыга алышпайт.

Москва мэри Сергей Собянин 29-мартта жапырт изолияциялоо режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ушундай эле иш-чара Подмосковьеге да киргизилди.  

Квартирадан төмөнкүдөй учурларда гана  чыгууга болот:

-ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө кайрылганда, же болбосо өмүргө, же ден соолукка түздөн-түз коркунуч туулганда;

-ишке бараарда (эгер сөзсүз баруууга милдеттүү болсо);

-жакын жердеги дүкөндөн, же аптекадан соода кылуу үчүн;

-үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн (жашаган жерден 100 метр аралыктан көп болбош керек);

-турмуш-тиричилик калдыктарын (мусор) төгүү үчүн.

Жакынкы арада мэрия дагы бир чараны колдонгон жатат – эшикке атайын пропуск бар болсо гана чыгууга болот.

Бул жаңы чектөөлөрдү бузгандарга кандай жаза колдонулаары жакынкы күндөрү айтылат.

Булардан сырткаары адамдар эпидемия учурунда кандай шарттарды сакташ керек экени көрсөтүлгөн. Маселен дүкөндө, же дарыканада адамдар 1,5 метрден кем болбогон социалдык дистанцияны кармоого сөзсүз милдеттүү ж.б.у.с.

Шаарда баардык оюн-зоок мекемелери,  сулуулук салондору, кафе,  ресторандар жабылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button