Ыкчам штаб: Өзгөчө абал режиминдеги талаптарды сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилгенин белгиледи. Айрым иш аракеттерге карата сын пикир дагы айтылганын кошумчалады.

«Эл өзгөчө абал режиминдеги талаптарды сактоого тийиш жана аны бузган жарандар административдик жана кылмыш жообуна тартыларын дагы унатпашы керек. Бул коменданттык сааттын эрежелерин бузуп, коомчулукка вирусту жугузуу тобокелчилигин жараткан үй карантининдегилерге өзгөчө тийиштүү. Бардык тармактык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары коронавируска чалдыккан жарандар менен байланышта болгондорду аныктоо, аларды көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Ал Бишкектин комендатурасы мамлекеттик кызматкерлер атайын берилген уруксаты жок жеке унаасы менен шаарда жүрүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алганын билдирди. 

«Борбор калаада эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери 100 миңдин тегерегинде. Алардын айрымдары аргасыз эс алуу күндөрүн алгандыгына карабастан, кызматтык күбөлүктөрүн пайдаланып шаарда жүрүшкөн. Мындай фактыларга жол берилбеши керек, бардык жүрүүлөргө тыюу салынат. Бул мезгилде ишке тартылгандардан башка бардык мамлекеттик органдардын күбөлүгү ӨА режими учурунда жараксыз», – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарын, жабдууларды, резервдерди эске алуу менен коронавирус боюнча абал начарлап кеткен шартка карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Жергиликтүү бийлик органдарына калктын социалдык жактан аярлуу катмарына, жакындарынын камкордугусуз калган карыларга даректүү жардам көрсөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Аларга ыктыярчыларды бекитип берүү керек.

Саламаттыкты сактоо министирлигине өлкөнүн райондорун жана облустарын зарыл дары-дармектер, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо милдеттендирилди.

Abal.kg