Россияда 30-апрелге чейин жумушка тыныгуу жарыяланды

Эпидемиянын жайылышына бөгөт коюу максатында Россияда 30- апрелге чейин иш күнү эмес деп жарыяланды. Бул туурасында Россиянын ММКлары билдиришти.

Түзүлгөн кырдаал боюнча Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн элине атайын кайрылуу жасады. Анда ал Россияда вирустун жайылышынан сактануу үчүн бир айлык мөөнөткө жапырт каникул жарыялаганын, бул туурасындагы жарлыкка кол койгонун билдирди.

Россияда азыркы кезге чейин 3548 адам илдет жугузган, анын ичинен 30 жаран көз жумган, 235и айыккан.

Abal.kg