Кыргызстандан чыккан канча киши даваатта жүрөт?

Бүгүнкү күндө Пакистанда жана Индияда канча кыргызстандык даваатта жүргөнү белгисиз экенин бүгүн саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди:

“Алардын санын такташ өтө кыйын экен. Азыр Муфтият менен иштеп жатабыз. Кандай жол менен келишсе да аларды обсервацияга жаткырабыз. Анализи таза чыкса гана кое беребиз”.

Буга чейин Индиянын маалымат каражаттары Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып, COVID-19 вирусуна байланыштуу текшерүүгө жөнөтүлгөнүн жазып чыккан.

Ал эми Пакистандын борбору Исламабадда жана Абботабад шаарында Кыргызстандан барган дааватчылардан коронавирус табылган.

Тышты иштер министрлиги коронавирус жуккандар Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде консулдук каттоого турбаганын, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылбаганын билдирген.

Abal.kg