Пайдалуу кеңештер

Кийим менен вирусту үйгө алып келүүгө болобу? Адистин жообу

Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин гериатры (карылар боюнча адис) Ольга Ткачева кийим менен вирусту үйгө алып келүүгө болобу, же жокпу деген суроого жооп берди. Бул туурасында Infotime.co билдирди.

Эксперт кийим менен вирусту алып келүү толук мүмкүн экенин айтты. Кийим илдетти үйгө алып келүүнүн реалдуу жолу деп белгиледи.

Бирок паникага түшүштүн эч кандай кажети жок деди. Анткени, кийимдин үстүндөгү вирус бир нече күндүн ичинде табигый түрдө өзү эле өлөт, ошондуктан ал кийимди өзүнчө илип коюш керек деди. Эгерде мүмкүн болсо күнгө жайып, же желдей турган балконго илип койсо болот, деп кеңеш берди.

Андай кийимди 60 градустан төмөн эмес сууга жууган жетиштүү, деди Ткачева.  А кошумча кайнатуунун зарылдыгы жок экенин айтты.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button