Окумуштуулар коронавирус жуккандын 5 белгисин айтышты. Билип алыңыз

Жогорку температура менен жөтөл – өтө көп жайылган, бирок COVID-19дун жападан жалгыз симптому эмес. Окумуштуулар Германия, АКШ, Түштүк Корея, Кытай жана Италиядагы ооругандарды изилдешип, бул илдеттин жукканынын кооптондуруучу  5 белгисин аныкташты, деп жазат Юлия Булыгина 360 tv.гuга.

Жогорку температура жана узакка созулган кургак жөтөл, коронавирус жуккандан бир нече күн өткөндөн кийин башталат. А COVID-19 илдети жармашкан биринчи эле күндөрү бейтаптардын 8%инин башы ооруганын баамдашкан    Уханда. Бул туурасында кытайлык окумуштуулар макала жазып Lancet журналына жарыялашкан.

Экинчи кооптуу сигнал — жыт сезүүнүн жоголушу. Муну Британиянын ринологиялык коомунун окумуштуулары билдирген.  Бул симптомду Түштүк Корея, Кытай менен Италиядагы бейтаптардан  байкашкан. Мындан тышкаары Германиядагы  COVID-19  менен жабырлангандардын үчтөн экиси, жыт сезбей калышканын айтышкан.

Вашингтондогу карылар үйүнүн тургундарынын  арасынан ооруп калгандарда эч кандай температура да, жөтөл да болгон эмес, бирок алар дискомфорт болушуп, тынчсызданганын айтышкан. Ооруларды көзөмөлдөө менен профилактика жүргүзүү Борбору (CDC) оору жугузгандын дагы бир сигналы катары өзүлөрүн-өзүлөрү жоготуп койгонун жазат, “Россиская газета”.

Окумуштуулар бул баамдоолордун адамдар үчүн өтө маанилүү экенин айтышты.

Abal.kg