Дүйнө

Жарганаттардан дагы 6 коронавирус табылды

Жарганаттар COVID-19 пандемиясын тараткан SARS-CoV-2 вирусу чыккан топко кирген дагы алты коронавирусту алып жүрүшөт.

Смитсонов Улуттук зоологиялык  паркы менен жаратылышты коргоо биологиялык Институнун (АКШ) окумуштууларынын тобу ушундай ачылыш жасашты. Алардын иликтөөсү PLOS ONEде жарыяланды, деп билдирди, 11-апрелде Новости Mail.ru.  

Окумуштуулар эми алардын канчалык коркунучтуу экенин аныкташат.

Коронавирустар — 2020-жылдын январында тизмеге киргизилген 40ка жакын түрү бар вирустардын тобу. Ушул эле топко адамды жабыркаткан SARS-CoV (атипичная пневмонияны козгогуч), MERS-CoV (Жакынкы Чыгыштын респиратордук синдромун козгогуч), SARS-CoV-2 жана башкалар киришет.

Окумуштуулар Мьянманын жапайы жаратылышында байма-бай кездешкен, бирок адамдарга түздөн-түз жакын аралыкта жашаган жарганаттарды иликтешкен. Алар 400дөн ашык жарганаттын шилекейлеринин жана заңдарынын үлгүлөрүн алышкан. Булардын 48 жолку текшерүүсүнөн (проба) 7 коронавирус табылган. Алардын алтоо мурда илимге белгисиз болгон. Окумуштуулардын сөзү боюнча, эми бул табылган вирустар адамга коркунуч туудурабы, ошону аныкташ керек. Көп коронавирустар жаныбарлардын өздөрүн гана жабыркатышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button