Саясатчылар пайда келтирбесе да, жок дегенде унчукпай, тоскоолдук кылышпасын

«Саман учса Самаркандды өрт чалыптыр болуп» деген сөз бар кыргыз элинде. Баягы элден биринчи, өзгөчө бөлүнүп, көрүнүү максатында интернеттен башка өлкөлөрдүн ыкчам чараларды көрүп жаткандыгы боюнча жетик анализденбеген кайсы бир макалаларын окуп алып, аларды туурап, шашылыш бүтүм кабыл алып, аны элге таңуулаган ой-пикирлер көбөйдү.

Албетте, дүйнө жүзү боюнча көп эксперттер «жаңы велосипед» ойлоп табышпайт. Алар дагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларына таянуу менен эксперттик көз караштарын билдиришет.

Бул өңүттөн алганда, биздин саясатчылар, эксперттер бир катар мүчүлүштүктөрдү кетирип жаткандай. Башкы кемчиликтеринин бири – башка өлкөнүн тажрыйбасы биздин өлкөгө ылайык келеби, башка өлкөдөгү тажрыйба Кыргызстандын коомуна сиңеби, биздин элдин менталитети кабыл алабы, ошондогу шарт-жагдай азыркы убакка да шайкеш келеби деген жагдайлар таптакыр унутта калып кетип жатат.

Же… Же Кыргызстандагы саясатчылар менен эксперттер учурдагы өлкөдө болуп жаткан кырдаалда дагы эл аралык тажрыйбаларды белгилүү бир максатка гана ылайыктап, баптап, тууралап пайдаланып жатышат. Бул экөө тең эң алды менен коомчулукка, өлкөгө, анан өздөрүнүн аброюна, репутациясына доо кетирип жатат.

Мына кечээ коронавирус Борбор Азияда, анан Кыргызстандын аймагында аныкталганда, Кыргызстанда доллардын баасы көтөрүлүп кетти.1 АКШ доллары 85 сомго чыкты – кескин десек да болот. Бул дагы жөндөн-жөн эмес, дүйнөдө нефтинин баасы түшүп кеткенинен болду.

Ал күндөру Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдылдаев сомдун кунун жоготушунан коркпой, аны эркин коё бериш керек деген оюн атйкан. «Өзү доллардын наркы орточо 100-120 сомго чейин турат. Мен эки жыл мурда эле «120 сомго чейин жумшартыш керек» деп айткам. Азыр деле ушундай ойдо турам. Бирок Улуттук банк доллардын курсун жасалма түрдө, резервдик фондунун эсеби менен кармап туруп жатат. Эгерде инвестиция келип, көмүскө экономика ачыкка чыгып, коррупция төмөн болгондо Кыргызстанга инвесторлор көбүрөөк келмек”, – деп айткан.

Ошентсе да, доллардын көтөрүлүшү башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда жай болду.

Улуттук банк бул жагдайга түшүндүрмө берип, бир аз өтпөй интервенция жасады. Тагыраагы, банктагы запас менен доллар сатып алды. Дал ушул учурда, жогоруда белгиленгендей, Улуттук банкка, аны менен кошо Өкмөткө сындар айтыла баштады.

Маселен, ошол эле белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Улутук банктын запастарындагы каражатты интервенцияга пайдаланбай, пандемия шартында кошумча медициналык аппараттарды алууга жумшоо керек эле деген сыяктуу баягы айтып көнүп калган «антиш керек болчу, минтиш керек болчу» деген эксперттик пикирлерин жарыялай башташты.

Албетте, биринчи укканда эл андай пикирлерге толугу менен макул болушат. Акылдуу кептей туюлат, чынында эле. Бирок, байкасаңар, мындай пикирлер менен шайлоочулардын көңүлүн буруп, аларга жаккан сөздөрдү айтуу менен упай топтоо болуп жаткан жокпу?

Жооп жогорудагыдай: же чала анализ жүргүзүп айтып жатышат, же бийликти элге жаман көрсөтүү, же айткан адамдардын жеткен дарамети ошол.

Кандай болгон күндө дагы элдин башын айлантып, туура эмес маалымат таратуу болуп жатат бул жерде. Дүйнөнүн мен деген өлкөлөрүндө коронавирус дегендин кандай дарт экенин, ага кандай ылаажы табыларын, ага чейин кандай коргонуу зарылдыгын так аныктай албай жаткан шартта мындай чала, жеткире талданбаган, чийки билдирүүлөр элди дүрбөлөңгө түрткөнүнө күбө болдук.

Бир-эки күн азык-түлүк таламайга түшүп баратып, бийликтегилердин өз маалында көргөн аракети менен жагдай ордуна келди.

Ал эми доллардын эмне болгонуна баарыбыз күбө болуп жатабыз. Бүгүн 1 АКШ доллары – 77,8 сом болуп турат. Демек, Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар арканды алыс таштаган кадам болгон экен.

Акырында баягы «Бөдөнөнү сойсо дагы, касапчы сойсун» деген кыска-нуска кепке такалат экенбиз. Ар ким кайсы тармакты жакшы билсе, ошол алган багыты боюнча сүйлөсө дейбиз.

Өлкө экономикасы боюнча маселелерди жакшыбы-жаманбы экономисттерибизге, банкирлерге, финансисттерге калтыралы.

Журналисттер дагы жарыялай турган маалыматтарынан келип чыгуучу натыйжаны эске алып, суроолорун дагы тиешелүү тармактардын адистерине эле берсе.

Ал эми чала сабат дейбизби же бийликти атайын каралоо үчүн дейбизби, айтор түшүнүп-түшүнбөгөн, алы жеткен жана жетпеген иштерге аралаша берген саясатчыларга коомго зыян кылбай, пайдасы жок болсо да, жок дегенде, үйдө унчукпай отуруп беришин бул ирет суранбай эле талап кылалы.

Алардын чалакайым билдирүүлөрүнүн бүгүнкү кырдаалда пайдасынан зыяны көп болуп жатат. Кырдаал шайлоодо элдин көңүлүн эптеп таап, добушун алган алдамай маал эместигин, кырдаал чынында эле олуттуу экенин эскертели.

Каныбек Суранчиев