Коронавирус 60 градус температурадагы ысыкта өлбөйт экен. Кандай ысык жоготот?

Франциянын Прованс  Университетинин окумуштууларынын тобу, коронавирус кандай температурадагы ысыкта биротоло жок болоорун  аныкташты. Бул туурасында окумуштуулардын тыянагы илимий материалдарды жарыялоочу BioRxiv ресурсуна чыккан, деп билдирди 17-апрелде РИА Новости.

Француз окумуштууларынын иликтөөлөрү боюнча коронавирус  92 градус ысыкта 15 минуттун ичинде толук бойдон жок болот.  

Эксперименттин учурунда иликтөөчүлөр коронавирусту  бир саат боюу 60 градуста ысытышкан. Ошондо да анын кээ бир штаммдары дагы эле көбөйүүгө жөндөмдүү экени баамдалган. Вирусту бир саат боюу 60 градуста ысытуу  аны жок кыла турган стандарттуу протокол болуп саналат. Ал эми коронавирусту толук жок кылуу 92 градуста 15 минута ысыткандан кийин гана ишке ашты.

Экспериментти иш жүзүнө ашыруу үчүн француз окумуштуулары африкалык жашыл маймылдын коронавирустун штаммы жуктурулган бөйрөгүнүн клеткасын пайдаланышкан.

Abal.kg