Футбол боюнча дүйнөнүн чемпиону коронавирустан көз жумду

«Ал [Хантер] акырына чейин оору менен күрөшкөнүнө, а Улуттук саламаттык сактоо кызматынын кызматкерлери баардык аракеттерин жасашканына карабастан, тилекке каршы, бүгүн эртең менен ал ушул айгышкан кармашта жеңилүүгө учурады. Ал калтырган мурас эч качан унутулбайт, а биз ушундай кыйын учурда Нормандын үй-бүлөсүнө жана жакындарына колдоо көрсөткүбүз келет», — деп айтылган «Лидс» футболдук клубунун пресс-кызматынын билдирүүсүндө.

17 – апрелдеАнглиянын курама командасынын составында 1966-жылы футбол боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон Норман Хантер 77 жашында каза тапты.

Хантер коронавирус инфекциясы менен жабыркаганы билингенден  кийин,  10-апрелде ооруканага жаткырылган.

Хантер борбордук коргоочу болуп ойногон. Футболдук мансабынын 14 жылын (1962−1976) «Лидс» футболдук клубунда өткөргөн, Англиянын бул  клубу үчүн ал 726 матч ойногон. Бул, команданын тарыхындагы төртүнчү көрсөткүч болуп эсептелет. Мындан тышкаары ал «Бристоль Сити» жана «Барнсли» командалары үчүн да ойногон. «Лидс» клубунун составында Хантер Англиянын эки ирээт чемпиону, ошондой эле Англиянын Кубогунун жана Суперкубогунун ээси да болгон.

Англиянын курама командасынын составында Хантер 28 матч өткөрүп, эки ирээт гол киргизген. Улуттук команданын составында ал 1966-жылкы дүйнөлүк чемпионатты утуп алган. Ошондой эле 1968-жылы Европа  чемпионатынын коло призин жеңип алган. 1973/74-жылдагы сезондо  Хантер Англиянын футболдук ассоциациясы тарабынан берилчү, оюнчулардын версиясынын эң мыкты футболчу сыйлыгына татыган.

Улуу Британияда  100 миң киши коронавирус жуктуруп, 14 миңге жакын адам каза тапты.

Abal.kg