Дүйнө

Ооруларды өтө көп таап жатат, деп Лукашенко россиялык тесттерге нааразы

Инфекция деп “көп эле күйгүлтүктөнө бербегилечи”, деди элине.  

Белоруссиянын президент Александр Лукашенко, коронавирус жуктургандарды өтө көп таап чыкканы үчүн Россиядан алып келинген тесттердин тыянагына нааразы болду. Бул туурасында ал Гродно областтына жумушчу сапар менен барганда айтты.  Муну 17-апрелде Лайф маалымат порталы билдирди.

Мамлекет башчысы коронавирус бышыкталган бейтаптар тууралуу, алар ийгиликтүү дарыланып чыккандан кийин, россиялык тесттер баары тең жугуштуу экенин көрсөтүп жатат, деп айтты.  

Ооруканага кайра жаткырып, кайра дарыла. Ошон үчүн роосиялык тесттерден баш тарттык, өзүбүздүн эле — кытайлыктардыкын алсак – бир эле киши коронавируска жуктурганын көрсөттү, — деди, Белоруссиянын лидери.   

Ошол эле учурда, ал жаңылыштык дайыма боло турган нормалдуу көрүнүш, анын үстүнө “вирус жаңы, өтө көп нерсеси белгисиз” деди. Лукашенко өлкөсүнүн элин коронавирус инфекциясы деп “көп эле күйгүлтүктөнө бербегилечи” деп, чакырды. Ошону менен бирге эле Белоруссияда 4200дөн ашык коронавирус жуктургандар катталып, анын ичинен 40 киши кайтыш болгон.

Мурдараак Лайф Белоруссия  коронавирусту аныктоочу 30 миң экспресс-тестти сатып алуудан баш тартканын маалымдаган. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин жетекчисинин айтканына караганда, аларга  кандай эмуктаждык жок. Бирок, өлкөнүн өкмөтү инфекциянын тарашына каршы күрөшүү үчүн Россияга кайрылып, жардам сураганын ММК маалымдаган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button