Аналитика

«Туюк жара» — тумандуу келечектин өзөгү

Эмнеге бийликтин да, элдин да деңгээли төмөн түшүп кетти деген суроо жаралбайбы сизде окурман? Эркиндик, адам укугу, демократия деген сөздөрдү өтө көп колдонуп жатып тарпын чыгарып бүттүк. Таарынычын, ичи тардыгын, көралбастыгын, койнундагы котур ташын айтып жаткандар деле сөз эркиндигине такаганды үйрөндү. Мамлекетти сыйлаганды унуттук. Бийликти сындасак душманыбызды сындагандай эле сындоону адатка айланттык.

Албетте, бийликтин кадыр-баркынын кетишине көз карандысыздык алгандан берки башкаруу режимдери себепкер болду. 2005-жылдагы март революциясынан кийин эле «бийликти кубалап жиберсе болот экен го» деген чоркок «акыл» пайда болду. Бийликти кайра-кайра кубалай берүү чыга берип ойноок болуп калган колдой болуп каларын түшүнгүбүз келбей турат. Ойноок кол менен өзүң каалагандай жумуш жасай албайсың. Анын сыңары бийликти улам эле кубалай берүү менен мамлекеттин кадырын кетирип, керек болсо анын картадан чийилип кетишине жол чабасың. Демек, ойлоно турган, толгон турган учур келди.

Ачыгын айтыш керек, бийлик элден чоочулап, элдин кабак-кашына жараша болуп калды. Бир четинен албетте эл менен эсептешкен бийлик жакшы. Бирок, экинчи жагынан элди дүрбөтө берген, өздөрү бийликке келүүнү көксөгөн саясий күчтөрдүн демитүүлөрү менен эл бийликтин чечкиндүү кадамдарга барып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билек түрүнө иштөөсүнө тоскоолдук жаратып жатканын байкабай жатабызбы?

Азыр коомдук пикирди социалдык желелердеги посттор, комментарийлер аныктап турган заманга келдик. Бул мүмкүнчүлүктөн түрдүү саясий күчтөр кеңири пайдаланып жатат. Жалган ысымдардын атына жашынып алган чагымчылдар да көбөйдү. Алардын аракеттери элдин ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө кадимкидей доо кетирип жатканын моюнга алуу керек. Өзгөчө бүгүнкүдөй оор абалда, өлкө бийлиги коронавирус эпидемиясын жайылтпоо үчүн бүткүл күчүн жумшап турган маалда элди көчөгө чыгууга тымызын чакырык таштаган посттор, комментарийлер өтө коркунучтуу экенин белгилеп коюу зарыл. Чагымчыл күчтөрдүн чакырыгына алданып, эл көчөгө чыгып кете турган болсо, анда мамлекетибизди талкалап алдык дей берсек болот. Күч менен кармалып турган эпидемия сел каптагандай эле каптап, аты жаман илдетке массалык түрдө чалдыгуулар күтүлөт. Мындайда соцтүйүндөрдө «бекинип» алып иш алып баргандар жардамга келбейт. Баягы эле бийликке, медицина кызматкерлерине күч келет.

Эсибизде болсо керек, буга чейин «Реакция» аттуу кыймыл пайда болуп, алар коррупцияга каршы күрөштү бир гана Матраимовдорго байлап чыгышкан. Ошол эле убакта алардын уюштуруучуларынын арасында ЛГБТ өкүлдөрүн коргоочулар да болгонун эл билет. Ушул кыймылга жамынган соцтүйүндөрдөгү «фейк» колдонуучулар бийликтеги айрым инсандардын жеке адамдык кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган постторду, коллаждарды жасап таркатып жатканын айтпай коюуга болбойт.

Алардын максаты ушундай жашыруун ысымдардын арты менен коомдук пикир жаратып, элди көчөгө көтөрүп чыгуу болуп жатканы өкүнүчтүү. Качан биз бийликти жасап жаткан ишине байланыштуу сындап, керек болсо сунуш-пикирлерди айтканды үйрөнөбүз? Качан өз мамлекетибизди башкалардын алдында басынтып, тебелебей, тескерисинче көтөрмөлөп турганды адатка айлантабыз? Мамлекет өзүбүздүкү экенин качан сезебиз? «Фейктердин» артына жашынып «былгытма» саясат жүргүзүү теринин ичинен билинбей ириңдеген туюк жара болуп баратканын байкабай жаткандайбыз.

Каныбек Суранчиев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button