Саясат

К.Боронов: Россия, Түркиядан келе турган мекендештерди кабыл алууга даяр бололу

Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана бир катар кызматтардын ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россия Федерациясынан жана Түркиядан мекендештерибиздин жакын арада келишине толук даярдык көрүүлөрү керек.

«Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүлөрү керек», — деди ал.  

Белгилей кетсек, бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан аба каттамы күтүлүүдө, 176 адам келмекчи. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда. 350 кыргызстандыктын келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.

Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй карантинин катуу сактоо жана жакында Түркиядан жана Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештерибиздин толук обочолонуусун көзөмөлдөөсү керектиги белгиленди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдагандай, Саламаттык сактоо министрлигинин www.med.kg сайтында Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу кеңири маалымат бар интерактивдик карта иштеп баштады. Облустар, райондор, обсервация жайлары, стационарлар боюнча сандык маалыматтарды көрүүгө болот. Мындан тышкары сайтта келип түшкөн гуманитардык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча толук маалымат бар.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга, саламаттык сактоо мекемелерин тийиштүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздоого, ошондой эле байланышта болгон адамдар менен иштешүүнү сапаттуу жүргүзүүгө көзөмөл жасоо тапшырмасы берилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button