Бүгүн залкар акын Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга узатылды(фото)
Кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди. Маркумдун сөөгү бүгүн, 22-апрелде анын Бишкектеги Туңгуч кичирайонундагы үйүнөн чыгарылып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, 20-апрелде кыргыз эли айтылуу төкмө акын, көп кырдуу талант ээси Элмирбек Иманалиевден айрылган. Маалыматка караганда, акындын кант диабети көтөрүлүп кеткен.
Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.
Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн аяктаган.
1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык көптөгөн фестивалдарда баш байгенин ээси болгон. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
Залкар акындын жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко болсун, жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтабыз.
Abal.kg