Италияда коронавирустан айыктыруучу дары бар. Медиктер өтө ийгиликтүү дарылап жатышат (видео)
Апеннин жарым аралынын түндүгүндөгү коронавирус инфекциясынын эпидемиясынан өтө жабыркаган Италиянын Ломбардиясынан айырмаланып, түштүгүрөөк жайгашкан Кампанияда бул илдеттен жабыркоо анчалык курч эмес.
Ломбардияда 12 миң киши каза тапты, а Кампанияда — 300. Ушул жуманын башынан бери бул областта коронавирустан бир дагы бейтап каза болгон жок.
Кампаниянын врачтарыда, ооругандардын санынын аздыгына жана ишке анчалык күч келбегендигине байланыштуу, вируска каршы терапиянын эффективдүү жолдорун издөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул туурасында 23-апрелден тартып Euronewis көрсөтүп жатат.
Алар ошондой каражаттардын бирин сунушташууда – бул тоцилизумаб, иммуносупрессанттардын категориясына кирген, ревматоиддик артритти дарылоочу медикамент. Профессор Паоло Ащьерто иштеп чыккан клиникалык протоколго көптөгөн өлкөлөрдүн медиктери кызыгып жатышат.
Биз америкалык коллгеларыбыз, ЕС өлкөлөрүнүн врачтары менен дайыма байланыштабыз, алар биздин тажырыйбаны чып-чыргасын коротпой изилдеп чыккылары, биздин протоколду пайдалангылары келип жатат. Биздин чечимдерибиз, ыкмабыз алардын кызыгуусун туудурууда. Бизге бүт дүйнө жүзүнөн телефон чалып жатышат.
Паоло Ащьерто, IRCCS «Pascale» иммунотерапия бөлүмүнүн башчысы.
Abal.kg