Трамптын сунушу врачтардын жүрөгүн түшүрдү. Ал сунуш өлүмгө алып барат дейт адистер

Бейшембиден жумага караганда Ак үйдө өткөн пресс-конференцияда  АКШнын президенти Дональд Трамп,  химиялык дезинфекциялоочу каражаттарды (чистящие средства – ар нерсенин үстүн, раковинаны, унитазды, ваннаны, плитаны, ж. б. идиштерди тазалай турган каражаттар  жөнүндө сөз болуп жатат) коронавирустан  дарылануу методу катары ичип көрүүнү, же ийне саюуну изилдеш керек деген сунушун берди. Бул туурасында , 24-апрелде BBC Орус кызматы билдирди.  

Эксперттер анын сунушу өлүмгө алып келет дешти. Аларды жасап чыгарып жатышкандар жана аларды жөнгө салчу уюмдар химиялык тазалоочу каражаттарды ичүү өтө коркунучтуу деп эскертишет.  

Дезинфекциялоочу каражаттар организмге кирсе ууланууга жана өлүмгө алып келет, вирусту дарылаганга эч кандай жардам  бербейт деп эскертүү жасашты.  

Дональд Трамп вирусту дарылоо үчүн ультрафиолет менен нурдантууну да ойлонуп көргүлө деди. Ультрафиолеттин териге коркунучу аябай чоң. Турмуш-тиричилик химиясынын каражаттарын чыгаруучулар алардын продуктысын эч качан ичпегиле дешти.

Трамп эмне деди?

Бейшембидеги пресс-конференция  учурунда АКШнын ички коопсуздук министрлигинин (ички иштер министрлиги) илимий изилдөө бөлүмүнүн директору Уильям Брайан, күндүн жарыгы жана дезинфекциялоочу каражаттар, анын ичинде спирт, ошондой эле агарткыч (отбеливатель) ар нерсенин үстүндөгү коронавирусту тез жана эффективдүү жок кылат деп айтты.

Андан кийин микрофонду президент алды. Ал стандартсыз эмес терапияны тестирлеп көрүүнү сунуштады — оорулуунун ички органдарын жарыктын же ультрафиолеттин нурлары менен нурдантууну.

Андан кийин ал вирусту жеңиш үчүн дезинфекциялоочу каражаттар менен ийне сайса –же болбосо кандайдыр бир жолдор менен ыгын таап ичип көрсө болот деп божомолдоду.  

«Мен доктор эмесмин. Бирок менин мына бул жерим жакшы иштейт» — деди Трамп, башын көрсөтүп.

Врачтар эмне дейт?

Ультрафиолет менен ашык баш нурдантуу тери үчүн кооптуу, антисептикти, изопропил спиртин, же хлор агарткычын ичүү өлүмгө барабар деп эскертишти врачтар.

«Өпкө үчүн хлор агарткычынын жытын жыттоодон жаман нерсе жок, – деп билдирди  Блумберг агенттигине пульмонолог Джон Балмс. — Дем алуу органдары дезинфекциялоочу каражаттардын аэрозоль түрүндөгү да таасирине чыдай алышпайт».

Агарткыч же изопропил спирти өтө көп суу кошуп эзгенде да кооптуулугун жоготпойт. Бул идея таптакыр абсурддуу.

Джон Балмс, пульмонолог.

Abal.kg