Дүйнө

Тамеки чегүү коронавирустан сакташы мүмкүн. Француз врачтары

Коронавирус илдетине чалдыккандардын арасында тамеки чеккендер өтө аз экен. Француз врачтары бул кубулуштун сырын билүүгө аракеттенишүүдө, деп жазат tvc.ru, 24 апрелде. Бул туралуу Vazhno.ru билдирди.

Париждин ооруканаларындагы коронавирус бейтаптарынын арасында тамеки чеккендердин өтө аз процентте болушу француз медиктерин таң калтырды. Оорканага COVID-19 менен жаткырылган 11 миң жабырлануучунун  8,5%и гана дайыма тамеки чегишкендер.

Врачтар никотин организмдин клеткаларына вирустун таралышына тоскоол болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Ошол эле учурда  Париждеги эң ири Питье-Сальпетриер университетинин медиктери ооруканага түшкөн, жашы орто эсеп менен алганда 65теги бейтаптардын 4,4%и гана такай тамеки чегишет.  А амбулатордук бейтаптардын (орточо жашы 44тө) 5,3%и  гана күн сайын тамеки тартышат.

«Элдин арасындагы COVID-19 жугузуп алгандардын ичинде, тамеки чеккендер болжол менен жалпысынан 80%ке аз «, — деп, Le Point профессор Захира Амурудан цитата келтирген. Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, маселе никотинде – азырынча байкоо гана жүрүп жатат. Азыр күн сайын тамеки тартуу ооруга карата оң натыйжа береби, бир тараптуу айтыш кыйын.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button