Дүйнө

Пресса: Ким Чен Ынды операция кылган врач колу калтыраганын баса албай…

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды операция кылган  врач өтө катуу нервничать этип, колунун калтыраганын баса албай, ошондуктан операция бир минутанын ордуна 8 минутка созулуп кеткен. Бул тууралуу япондордун «Сюкан Гэндай» жумалыгы жазды, деп Московский Комсомлец 26апрелде маалымдады.

Түштүк Кореянын прессасында Ким Чен Ын жүрөк-кан тамыр системасына жасалган операциядан кийин дарылоо курсун өтүп жатат деп билдирилген. Япон басылмасындагы автордун маалыматына караганда  Ким Чен Ын аймактарды кыдырып жүргөн учурда жүрөгү кармаган. «КЭДРдин (Корей элдик-демократиялык республикасы) председатели капысынан жүрөгүнүн тушун мыкчый кармап, жерге кулап түшкөн. Аны коштоп жүрүшкөн врачтардын тобу жүрөгүнө шашыла массаж жасашып, тез жардамдын жакын арадагы ооруканасына жеткиришкен», — деп автор, маалымдагычынын сөзүн мисалга келтирген.

Анын сөзү боюнча Түндүк Корея Кытай тараптан Пекиндин врачтарынын тобун жиберүүнү суранган. Пекинден 50гө жакын врач жабдыктары менен атайын бортто Пхеньянга жиберилген.

КЭДРдин врачтары кытайлык коллегаларын күтүп олтурбастан тез аранын ичинде Ким Чен Ындын жүрөгүнө стент коюу боюнча операция жүргүзүшкөн, деп айтып берген басылмага маалымдагыч. Операция татаал эмес, бир минутадай убакыт кетет деп айтылган.

«Операция жасаган хирург катуу нервничать этип, колдору калтыраган. Ошондуктан стентти коюуга 8 минут кеткен», — деп түшүндүрдү журналист.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button