Дүйнө

Эквадордо коронавирустан көз жуумп, сөөгү өрттөлгөн аял капысынан «тирилди»

Эквадордун ооруканаларын биринде коронавирустан көз жумган, андан соң өрттөлгөн (кремация) аял, күтүүсүздөн тирилип, үйүмө жибергиле деди, деп 24-апрелде NUR.KZ билдирген.

27-мартта 74 жаштагы Альба Марури Гранденин температурасы аябай көтөрүлүп,  деми кыстыга баштагандыктан, эс-учун жоготуп, комага түшүп кеткен. Ушул абалда үч жума жаткан, деп жазат Life.ru.

Аял ооруканада көз жумат. Аны кермация кылышып, күлүн  Альба Марури Гранденин туугандарына беришкен. А 23-апрелде улгайган бейтап аял капысынан эсине келип, сиңдим менен байланышкыла деген. Көрсө, врачтар анын атын башка менен алмаштырып алышып, каза тапкан бөлөк эле бирөөнү ошол экен деп ойлошуп, кремация кылып ташташкан экен. Аялдын үй-бүлөсүнө болгон окуяны акырын, кылдат түшүндүрүш үчүн анын үйүнө врачтар менен социалдык кызматкер жана психолог келишкен.

Альба Мариури Гранде

Аялдын үй-бүлөсү анын «сыйкырдуу тирилүүсүнө» ушул кезге чейин ишене алышпайт. Анда “өлгөн” аялдын бөлмөсүндө кимдин сөөгүнүн күлүн сактап олтурушканына да түшүнө алышпайт. Ишембиде үй-бүлөсү аялды барып көрмөкчү болуп жатышат. Туугандары андан тышкаары медициналык мекемеден 2000 доллар өндүрүүнү көздөшүүдө – ушул сумманы алар кремация үчүн төлөшкөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button