Өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

“Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин  бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү  сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал жарыяланган болчу.

Abal.kg