Атамбаевчилер сүйлөгөн сайын өз айыптарын өздөрү чукуй берет

Кечээ, 4-майда мурдагы президент А.Атамбаевдин балдары, жакындары жыйын өткөрүшүп, анда мурунку президенттин  кичи баласы Сейит билдирүү жасаптыр. Ал жыйынга канча адам катышканы, чын-чынына келгенде жыйындын болгону болбогону деле белгисиз, 5-6 адамдын чайлашканын же бирге ооз ачышканын жыйын деп атоого болбойт, бирок  анын уюштуруучулары 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жакындарынын жолугушуусу деп атап, ал эми Сейит Атамбаев аларды аракеттеги бийлик силердики, биздики деп бөлүп, Атаембаевге ыктагандарга жетиштүү жардам көрсөтпөй жатат деп наалыганын окугандан кийин биз калыс өз оюбузду билдирип коюуну чечтик.

Мыйзамга ылайык каралгандар, бөлүштүрүлгөндөр мыйзам чегинде эле бардыгына тегиз берилүүдө. Антип жалпы нерселерди айта беришпестен конкреттүү мисалдарды келтиришпейби. Келтире алышпайт. Анткени, шектенүүлөрү, божомолдору, жоромолдору, бир сөз менен айтканда жөн эле демагогиялары көп болгон менен конкреттүү көзгө сайып көрсөткүдөй фактылары жок. Антон Чеховдун бир аңгемесиндеги “Кыштактагы атама” дегендей кылып үстүртөн айта, жаза берүү уят.

Мурдагы президент Атамбаевдин алты жыл криминалдык коррупциялык кландык башкарууну гана бекемдеп келгени ондогон, жүздөгөн фактылар менен ырасталды, ырасталууда. Кайталоонун кажети жок. Атасынан баласы өтөт дегендей, Сейит деген жигит ойлонбой эле сүйлөй берген жагынан атасынан да ашып түшүптүр. Биздин үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн кирешелеринин дайыма 90 пайызы кайрымдуулук иштерине кетчү дегени таптакыр чындыкка жакындабайт, атам тапкандарынын бардыгын декларацияларында көрсөтчү дегени карандай калп экени баарыбызга эле маалым. Атасы мамлекеттик резиденциядагы 1, 5 миллион долларлык 1-хан сарайын, Кой-Таштагы 2 гектар  жерди ээлеген үч кабат 2-хан сарайын эмненин эсебинен кургандыгын таптакыр түшүндүрө албай койду. Атамбаевдин акыркы 2-3 жылда өз декларациясында аялы менен бирге миллиондогон доллардан киреше тапкандыгын көрсөткөндүгү,  териштире келгенде алардын булактары да  калп болуп чыккандыгын унута элекпиз. Субихи Пархати менен болгон кыймылсыз мүлктөрдүн операциясы эле эмнени көрсөтүп турат. Раиса Атамбаеванын миллиондогон доллар операциялары өзүнчө тарых. Анан эпилдедеген Сейит мырза кайсыл чынчылдык жөнүндө айтып жатат?! Атамбаевчилердин чындык жөнүндөгү түшүнүктөрү цивилдүү, мыйзамдуу чындыкка жакындабай тургандыгын элдин баары билет.

Бир сөз менен айтканда, “күкүк өз атын өзү чакырат” дегендей, Атамбаевчилердин сүйлөгөн сайын өз айыптарын өздөрү чукуй берерине көнүп деле калгандай болдук.

Азамат Калыбеков