Саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды майрамы менен куттуктады

Эгемендик алгандан берки убакта 28-май Кыргызстанда Чек арачылардын күнү деп белгиленип келет. Буга байланыштуу бүгүн, 28-майда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Президент өз куттуктоосунда мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арадагы коопсуздугун сактап турган чек арачылар жалпы элдин сый-урматына татыктуу деп белгилеген.

«Мамлекеттик чек ара кызматы Мекендин бекем калканы, мамлекет аймагынын бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин, жарандардын коопсуздугунун кепилдиги бойдон кала берет. Мен чек арачылар мурдагы ардагерлердин атуулдукка, антка бекем туруудагы күжүрмөн салтын улантат деп бекем ишенем», деген президент чек арачыларга ийгиликтүү кызмат, бекем ден соолук жана жакшылык каалаган.

Эгемен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 2002-жылы түзүлгөн. Андан кийин эки ирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына киргизилип, 2012-жылы Мамлекеттик чек ара кызматы болуп түзүлгөн. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button