Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жуктуруп алды

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден Covid-19 оорусу аныкталгандыгы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

Маалыматка караганда, мэр Мураталы Тагаевдин  азыркы учурда абалы туруктуу. Ал азыркы тапта амбулатордук, башкача айтканда үй шартында дарыланууда.

Эскерте кетсек, бул тууралуу да жергиликтүү ММК булактары Мураталы Тагаевден коронавирус жуктуруп алганын жазып чыгышкан.