Аналитика

Өткөн-кеткен, азыркы бийликке да асыла берген Адахамдын арзуусу не, чоң кызматпы же парламенттик шайлообу?

Азыркы учурда дүйнө жүзү интернетсиз күн кечире албай калган шартта, ага жараша журналисттер дагы «тез көргүлө», «бетке айтыптыр», «мына сага», «оппаа» деген сыяктуу элдин көңүлүн бурдурууга аракет кылган чакырыктар менен видеолорду байма-бай таркатып жаткан кез.

Кокуй эмне деп жибериптир деп ача салып, уга келсең эле баягы калпы-чыны аралаш болбогон кептер.

Мына ушундай материалдардын бири «Мадумаров Жээнбековду өчүрдү. Баары жалган. Жаңы видео» деп аталып, интернетке киргизилиптир.

Карасаң, тыңдасаң Мадумаровдун баягы эле бийликти эби келсе деле, келбесе деле сындаган кептери, баягы эле элге өзүн көрсөтүү аракеттери экен.

Маселен, «Өкмөт ушундай абалда өргүү же эргүүбү айтор эс алып жүрөт. Кандай жүзү менен эс алып жүрөт? Ошого жиберип койгон Президент дагы аман болсун» деп жооп берет интервью алган Айданбек Акматовго.

Башка бир мамлекеттик кызматта иштебеген адам ушинтип айтса, мейли десе болот. Бирок мамлекеттик кызматтардын башында иштеп жүрүп, кайсы бир ишке шектелген мамлекеттик кызматкердин убактылуу иштен четтеп турушуна канчалаган фактылар болуп келгендигин Мадумаров билбей калышы таптакыр мүмкүн эмес.

Бул жөн гана Мадумаровдун бийликти элге ачыктан-ачык жаман көрсөтүүсү болуп калган. Башка башка, бирок Адахамдын минткени уят иш.

Анан дагы «…сен каза болгон ата-энеңди же жакыныңды вирустан каза болду деп кагазга кол коюп берсең, сага акча беришет. Бул кайсы коомдо болот билбейм. Мусулман кыргыз баласы үчүн жапайычылык…» деп көчөдөгү сөздөрдү айтыптыр.

Ооба, мындай кептер анча-мынча бузукулар тарабынан айтылып калып жатат. Териштире келсең, «же айткан адам жок, же мен жөн эле айтып коюптурмун же мен тамашалап…» деген сыяктуу жооптор чыгат.

Мындай жагдайга Мадумаров туш келсе, ал көптүн бирине айланбай, «баланча жерде, баланча кишини ушинтип мажбурлап жатыптыр» десе, парламент төрагасы болгон Мадумаровго жараша турган кеп болот эле. Анан келип алып деңгээлден кеп кылганы кызык. Өзү көчө ушагынын деңгээлине түшүп жатканы менен иши жок.

Албетте, мындай айтылып жаткан кептердин баары атайылап бийликти жаман көрсөтүү аракети экенин Мадумаров беш колундай  эле билет. Бирок андайларга келгенде унчукпайт. Анткени мындай сөздөр ага майдай жагат.

Болбосо саясатта көптөн бери жүргөн адам катары далилдүү мисалдарды көзгө сайып көрсөтүп бермек. Бул маегинде ушундай жүйөсүз кептерге көбүрөөк орун берилген.

Мадумаров мындай кептерин улап, милиция менен дарыгерлердин кошумча төлөмдөрүн бербей жатканын балп эттирген.

Мамлекеттик кызматтан ушунча көңүлү калганбы, же мамлекеттик кызматтагы иштин процедураларын унутуп калганбы, айтор, бул жерден дагы Мадумаров жөн эле соктуруп койгон экен.

Дарыгерлердин категорияларына жараша убада кылынган кошумча төлөмдөр канчадан, качан берилгени тууралуу өтүп жаткан брифингдерде канча ирет кайталанды.

Бийлик дагы дарыгерлер акча албай жатышат деген кептер чыгып кетпесин деп канча ирет кайталатып, алгандары боюнча ЖМКга маектерди уюштурушту.

Ал эми карантин маалындагы милиционерлердин эмгегин баалоо боюнча парламенттин бийик трибунасынан да айтылып, аларга да сөзсүз төлөнөөрү боюнча жооптор берилген.

Эми аны дагы Адахам саясатташтырып, элди бийликке каршы коюп жатат. Болгону өзү жакшы билген каражат берүүнүн процедураларын элге түшүндүрүп, бир аз кечигиши мүмкүндүгүн айткысы жок.

Эмне мынча кыянат жан экени түшүнүксүз, ушул Мадумаров.

Дүйнөнү каптаган коронавирусту ушу Мадумаров түк жолоткусу келбейт. Таптакыр эле четке кагып, кандайдыр бир көз боемочулук кылып жатат дейт.

Анан маегинде «мен куттуу күнү көчөдө, жөө жүрөм, кол кармап учурашам, кучакташам, амандашам» деп вирус жукпастыгын саймедирейт.

Бул эми элдин көңүлүн куру сөз менен алып, көнүп калган саясатынын ыкмасы экени көрүнүп эле турат,  элге жакын болгонун айткысы келгендегиси.

Мааекте кызып кетип, катары менен эле калпты урдуруп да кете берген.

Маселен, «биз өзүбүздүн жөлөк пулду төлөй албайбыз, бүгүн пенсия, кызмат көрсөткөн ички иштер кызматкерлерине акча бербей жатпайбы — жөлөк пул эмес, иштеген акчасын…» дейт.

Эми бул карандай калп, төлөнүп жатат баары. Эгер ушулардын баары төлөнбөсө, эл Мадумаровсуз эле коронавируска карабай туруп көчөгө чыгып, нааразычылыктарын билдирмек.

Башкасын коюп, эми Мадумаров молдокелерге асылбай койсо болмок экен. Алар же Мадумаровго нааразы болушуп, анын себебинен кызматтан алынбаса, алар Мадумаровго кандайдыр бир сын-пикирин айтышпаса, эмнеге аларга да сүйкөнүп өткөнү белгисиз.

«Алар бардык нерсе Аллахтан деген нерсеге ишенбейт экен» дейт. Молдолордун тили менен айтканда, астапыралла, молдокелердин башчыларын каапыр кылып салыптыр, таза эле.

Мунусу эми билбеген, түшүнбөгөн, акылы жетпеген ишке эле мурдун тыгып, асылуу деген баага татыйт.

Мадумаров маегинде  «Бир куур – бир алкак» деген эл аралык программадан бир  туруп Кыргызстан чыгып калды дейт, бир туруп чыгып баратат дейт.

Демек, ал бул программадан деле, Кыргызстандын бул багыттагы иштеринен деле кабары жок туруп айтып койгондогусу билинип калды.

“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”. Ушул үчөөнү алып келип алсам, менин ордум аман калаар бекен деген ойдон башка ой жок бүгүнкү Президентте. Ал Кыргызстанды, элди, журтту сактап калайын деген маселенин үстүндө иштеп жаткан жок да» деп эң негизги айткысы келген оюн чыгарыптыр.

Эмнегедир, байксаңар, Мадумаров «жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» дегендей, жалаң Президенттерге асылып сүйлөйт.

Мурдагы президент Атамбаев учурунда да ушундай кычышкан кептерин айтып келген. Чамасы дале үмүт кылып, чоң кызмат сунуштаса деп ойлойт окшобойбу.

Болбосо, Президент жылына орчундуу делген маселелер боюнча гана өтө турган Коопсуздук кеңешин, учурдагы пандемия шартына байланыштуу, элдин саламаттыгы үчүн деп канча ирет өткөрүп, канча тапшырмаларды берип, канча жолу көзөмөлдөп жатат.

Мадумаров муну да көргүсү жок.

Анан келип алып, ушундай кемчиликтерди көрө албаган балээнин баары элибизде… эл ойгонушу керек…» деп элдин дүрбөтүп, көтөрүлүүгө ачыктан-ачык чакырык жасап жатат.

Ал жеке кызыкчылыгы менен өлкөгө туруксуздуктун келишин каалап жаткандай.

Мадумаров кыргыз-казак чек арасындагы маселеге да токтолуп, “Алты ай саратанда мээнет төккөн дыйкандардын эмгегин сыйлап коюңуз” деп мен кошуна мамлекетке кайрылууга мажбур болдум эле» деген былтыркы мактанычын быйыл да алып келип, маекке чаптап отурат.

Дал ушул Мадумаров айтты деп, казак тарап чек арасын ачып жибергендей тим эле көкөлөйт. Ал анын популисттик кадамы экенин эч ким билбей калчудай безеленет тим эле.

Ал чек аранын коюп, Баткендеги чек ара тилкесиндеги 275 метрлик жолду тажик тарапка берип койгону жөнүндө эмне үчүн мындай өзүн пиарлаган маектерде айтпайт?

Анысы эми түшүнүктүү да. Мындай жеке өзүн пиарлаган материалдарга кантип кошмок эле.

Кыскасы ушундай, анын ар бир сөзүндө популизм, бийликти жөнү жок жаман көрсөтүү, президенттерге ыгы жок асылуу, дүйнө тааныган пандемияны четке кагуу жана башка айта берсе толтура экен.

Эми бул биз билген, теңелүүгө дагы мүмкүн болбогон, куру дооматтан башка сөзү жок, бирок сөзгө чечен, ошол чечендиги менен элдин башын айлантып келе жаткан баягы эле Адахам экенин туура түшүнөлү.

Өткөн-кеткен, азыркы бийликке да асыла берген Адахамдын арзуусун не, чоң кызматпы же парламенттик шайлообу???

Экөөнүн бири же Бакиевчилерди кайра бийликке алып келүү. Башка эч  бир себеп жок.

Ал эми Мадумаровдун максаты Кыргызстанды өнүктүрүү дегендер терең жаңылышат. Өнүктүрсө Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда кыпындай бир нерсени кыйратмак.

 ЖКдагы депутаттар отурган столдорду жаңгак менен каптайм деген демилгесинен башка эмнеси эске келет. Албетте куру чечендиги. Башка?..

Алтынбек Карабаев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button