Коом

Коронавирус 526 адамдан аныкталып, 4 адам каза болду

Акыркы сутканын ичинде 87 бейтап ооруканадан айыгып, дарыланып чыкты. Кыргызстанда бүгүн дагы 526 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 211;
  • Чүй облусу — 231;
  • Ош шаары — 19;
  • Ош облусу — 6;
    Нарын облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 27;
  • Талас облусу — 1;
  • Баткен облусу — 18;
  • Ысык-Көл облусу — 10.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 261ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 4 адам каза болду.  Жалал-Абадда 71 жаштагы эркек киши жана ушул эле аймакта 70  жаштагы дагы бир киши, Кочкор районунан  56 жаштагы эркек жана 69 жаштагы аял киши көз жумду. Жалпы каза болгондордун саны 66га жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button