Коом
29-декабрга карата аба ырайы

Бүгүн тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде 8…13,
Талас аймагында 7…12,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө 9…14,
Ысык-Көл облусунда 4…9 градус жылуу болсо, Нарында -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа жана Ош шаарында 11…13 градуска чейин көтөрүлөт.



