Коом

Академик, врач Оморбай Нарбеков каза тапты

Бул туурасында фейсбуктан журналист Курманбек Мамбетов кабарлады.

«Академик Оморбай Нарбеков бүгүн дүйнөдөн өттү. Акыркы күндөрүнө чейин адамдарды дарылап жатты. Адатта жазылып жүргөндөй «күжүрмөн постто туруп» каза тапты»,-деп жазды журналист.

Сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Нарбеков Оморбай -1941-жылы туулаган,Кара-Буура району,  Грозный (азыркы Аманбаев) айылы] — терапевт, медицина илимдеринин кандидаты (1970). Коомдук илимдер академиясынын академиги (1992), Эл аралык Ч.Айтамтов атындагы коомдук илимдер академиясынын академиги (1994). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995).
1965-жылы КММИнин дарылоо факультетин бүтүргөн.
1967-жылы КММИнин ординатору. 1970—75-жылдары факультеттик № 1-терапия кафедрасында ассистент, андан кийин N 2 — госпиталдык терапия кафедрасында доцент.
1983-жылдан КММИнин дарылоо иштери боюнча проректору.

1985-жылдан калыбына келтирилген дарылоо жана курортология илимий изилдөө институтунун директору.
1991-жылдан Кыргызстан «Бейиш» илимий изилдөө институтунун жана элдик медицина борборунун башкы директору. «Ыйман» элдик медицина ассоциациясынын президенти (1991-жылдан), «Экобиоконверция» ассоциациясынын президенти (1993-жылдан).

Анын илимий эмгектери бийик тоо шартында өпкө гипертензиясы жана жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алууга, Кыргызстандын минерал сууларын, дары баткактарын дарылык максатка колдонуунун жолдорун изилдөөгө, ошондой эле элдик медидинанын айрым ыкмаларын изилдеп, иштеп чыгууга жана башкага арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 14 монография, 8 ойлоп чыгаруунун) автору.


Нарбековдун жетекчилиги астында ийне менен дарылоочу кыргыз-кытай илимий изилдөө борбору ачылган (1991). Илимий-популярдуу документ фильмдердин сценарийин («Кыргыз минерал суулары», «Жашоо — бул дем алуу» жана башка) жазган.
Европалык рынокту изилдөө боюнча борбордун (Брюссель шаары) «Евро-рынок-1994» аттуу Ардак диплому жана байгеси менен сыйланган (1994).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button