Мамлекеттик мүлктөрдүн күнгөй-тескейи

Азыркы учурда мамлекеттик мүлктөрдү башкарууну ачык-айкын жүргүзүү зор мааниге ээ. Ачыктыкты камсыздоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” мекемелер аралык автоматташтырылган системасы ишке киргизилген. Учурда бул системада мамлекеттик фонддордун, мекемелердин жана ишканалардын негизги эсебине кирген 1 миллионго жакын обьектилердин инвентаризациясы тууралуу маалыматтар бар. 2018-жылдан тарта “Электрондук сатуу аянты” маалымат порталы иштеп, анда мамлекеттик имараттарды жана мүлктөрдү арендага берүүлөрдү сатуу боюнча соода жүрүп келет. Азыркы учурда ушул электрондук аянтта мамлекеттик мүлктөрдү сатууларды өткөрүү жолдору да иштелип жатат. 

Эми азыркы учурда кыргыз өкмөтү канча мамлекеттик мүлктүн ээси, же акционердик коомдордогу үлүштөргө ээ? Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамүлк фонду экономиканын түрдүү секторлорундагы 52 акционердик коомдордун акционери, булардын ичинен 20сы стратегиялык багытта. Ушу тапта 52 акционердик коомдун 33ү кабыл алынган жоболорго ылайык иштеп жатат, калгандары иштебеген, жоюлуу же банкрот абалда.

Маммүлк фондунун маалыматына караганда, 20 акционердик коом 2019-жылдагы өз иштерин киреше менен аякташкан. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик компаниялардын таза кирешеси 5,372 млрд. сомду түзсө, жыл жыйынтыгы боюнча жалпы милдеттенмелер боюнча сумма 81,4 млрд. сом болгон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду иштеп жаткан 104 мамлекеттик ишканалар менен да иш алып барат. Бул мамлекеттик ишканалар транспорт, байланыш, телевидение жана инновациялык технологиялар, айыл чарба тармагында, өнөр жайда, геология жана курулуш, соода-сатык, курорттук-санаториялык мейманкана кызматы сыяктуу жана башка тармактарда иш алып барышат.

Мамлекеттик ишканаларда алардын жылдык бюджетинин негизинде өнүктүрүүнүн орто мөөнөттөгү планын иштеп чыгып  ишке киргизүү кеңири жайылып жатат. Эми Маммүлк фондунун маалыматы боюнча айрым мамлекеттик ишканалардын жылдык оборотуна токтоло кетели. “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын, “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жана “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жылдык обороттору 1 млрд. сомду түзсө, дагы төрт мамлекеттик ишкананын жылдык обороттору 500 миллион сомдон 1 млрд. сомго чейин болгон. Мындан тышкары жылдык обороту 10 миллион сомдон 500 миллион сомго жеткен мамлекеттик ишканалардын саны да бир топ.

Акыркы жылдарда мамлекет тарабынан мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча бир топ иш-чаралар жасалган. Мамлекеттик ишканалар кайра түзүлүп же кошулуп, же жоюлуу иштери жүргөн. Айрымдары муниципалдык менчикке берилген. Оптимизациялоо иштери башталгандан бери 45 ишкана реорганизацияга дуушар болуп, 94 ишкана кайра түзүлүп жана 10 ишкана жоюлган.

Ал эми КР Экономика министрлиги жалпысынан мамлекеттин экономика тармагына өзүн-өзү актабаган катышуусун кыскартуу жана мамлекеттик секторду оптимизациялоо багытында саясат жүргүзүп келет. Акыркы жылдарда мамлекеттик менчикти приватизациялоонун темпи төмөндөп жатат. Буга мисал, маммүлктү приватизациялоо программасынын алкагында 2008-2012-жылдарда мамлекеттик мүлктүн 46 обьектиси менчикке берилсе, 2012-14-жылдарда болгону 5 обьект сатылган, ал эми 2015-17-жылдар аралыгында 9 обьект сатылган.

2020-жылдын 25-июнунда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында 2020-2022-жылдарда мамлекеттик мүлктү приватизациялоо программасы бекитилген. Анда ондон ашык мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү, акционерлештирүү, акциялардын мамлекеттик пакеттерин жана үлүштөрүн менчиктештирүү каралган.

Азыркы учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу заманбап механизмдерди талап кылат. Буга чейин бир гана менчиктештирүү механизми ишке ашырылып келсе, азыр мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү, инвестициялык арендалар, мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү, айрым функцияларды аутсорсингге берүү сыяктуу механизмдерди ишке киргизүү зарылдыгы бышып жетилди.