Куру популизмге алдырып, ырысыбызды качырып албайлы

Учурда «Ковид-19» илдетинин пандемиясы бγтγндөй ааламды каптап жатат. Бул оорунун кесепеттерине өнγкккөн алдыңкы  өлкөлөр да туруштук бере албай калышты. Буга Италиядагы кырдаал таасын кγбө.

Эпидемиянын эпкини Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Кыйын кырдаал айыл-шаарларыбыздагы ар бир γй-бγлөөгө кесепетин тийгизип жатат. Мындан улам мамлекет тарабынан мγмкγн болгон чаралар көрγлγп жатат. Бирок эпидемияга эффективдγγ туруштук берγγ γчγн жалпы коомчулук жапа тырмак киришγγбγз керек. Бул жерде мен жарандык жоопкерчилик жөнγндө айткым келип турат.

Минтип айтып жатканыма Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы, башкача айтканда дγйнөдөгγ жоопкерчиликти аркалаган адам Антонио Гутерриштин айткан сөзγ тγрткγ болуп жатат.

Атап айтканда Антонио Гутерриш пандемиядан улам дγйнөлγк процесс эки сценарий менен болушу мγмкγн деген божомолду айтты. Биринчи вариант – өнγккөн өлкөлөр вакцина ойлоп таап, аны өнγгγп келаткан – бизге окшогон өлкөлөр да колдонуп, натыйжада кырдаал турукташат. Экономика өз ордуна келип, акырындык менен 2-3 жыл аралыгында кадыресе турмушка кайтып келебиз деп болжогон. Ал γчγн эң ириде ынтымак менен биргелишип иш алып баруу керек болот. Дγйнөлγк масштабда мамлекеттер ортосунда ынтымак керек болсо, өлкө ичинде элибиз бир муштумдай болуусу кажет. 

Бирок экинчи – коркунучтуу вариант да бар. Эгер дγйнөдөгγ баардык өлкөлөр ынтымакка келип, биргелешип иштебесе кырдаал мындан да курчуйт. Вакцина иштеп чыгуу көпкө созулат, ал даяр болгон кγндө да баардык мамлекеттердин колуна тийбей, дары-дармек γчγн айыгышкан конкуренция башталат. Натыйжада бγткγл дγйнөлγк депрессия башталып, ал 5-7 жылдык мөөнөткө созулушу мγмкγн. Анын арты кандай болот айтыш кыйын. Эң негизгиси – бул учурда популисттик чакырыктар кескин көбөйγп, коомчулукта бөлγнγп-жарылуулар кγч алат.

Бул эки варианттын кайсынысы менен кетебиз азыр белгисиз. Бирок биздин айрым адамдар экинчи вариантка багыт алгысы келип жатканы байкалууда. Маселен, куру популисттик чакырыктары менен коомдо ар кандай бөлγнγп-жарылууларга жол ачкан аракеттер ачык байкала баштады.

Ала кушту атынан атаган жакшы дейт, бирок кеп кимдер жөнγндө болуп жатканы айтпаса да билинип турат. Биз биринчи жогоруда айтылган биринчи багытка артыкчылык берип, ынтымак жолун тандап алуубуз керек.

Болбосо, куру популизмге алдырып, ыркыбыз кетип, ырысыбызды качырып жγрө бергенибиз кимге керек?!

Туратбек Бексултанов