Кыргызстанда дагы 921 кишиден илдет аныкталды. 42 бейтап көз жумду

2020-жылдын 24-июлуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония дагы 921  адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 273, Ош шаарында— 75, Чүй областында — 140, Ош  областында  — 91, Талас областында  — 25, Нарын областында  — 22, Ысык-Көл областында  — 107, Жалал-Абад областында  — 138, Баткен областында — 50 учур катталды.

Кыргызстанда тумоого кабылгандардын саны 31 миң 247 кишиге жетти.

Акыркы суткада 42 бейтап каза тапты.

Бир суткада 1247  адам айыгып чыкты, жалпы сакайгандар 18038 адамды түздү.