Кыргызстан гриппке каршы 800 миңден ашык вакцина сатып алат

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги  800 миңден ашык гриппке каршы вакцина сатып алат.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди.

Анын сөзү боюнча 111 миң дозаны сатып алуу боюнча тендер өткөрүлдү. «Пандемиялык абалды эске алуу менен жана экинчи толкун болоору күтүлүп жаткандыгына байланыштуу дагы 700 миң вакцина сатып алууга суроо-талап берилди», — деп белгиледи Динагүл Оторбаева.

Анын айтымына караганда, сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелчилик тобуна кирген: улгайган, өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды эмдөө үчүн аймактарга бөлүнөт. Ошондой эле грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системалар менен реактивдерди сатып алуу максат кылынып жатат.

Мындан тышкаары, каалоочулар жеке менчик медборборлордон эмдетип алышса да болот.

Оторбаеванын маалыматына караганда, аба ырайынын суукташы менен респиратордук вирустук оорулар көбөйүшү мүмкүн. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтүшү ыктымал. Оорунун мөөнөтү декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.