Лукашенконун түн уйкусу бузула баштады
Белоруссиянын борбору Минск шаарында президенттикке талапкер Светлана Тихановскаяны колдогон массалык митинг болуп өттү. Бул тууралуу REGNUM малымат агенттиги кабарлады.
Агенттиктин маалыматына караганда митингге 34 миңден ашык адам чогулган. Кээ бир маалымат булактары бул цифра 63 миңге барабар деп жазып чыгышты. Кандай болгон күндө да, бул митинг, азыркы президент Лукашенконун атаандашын колдогон өтө массалуу акция болуп саналат. Белоруссия бийлиги «үй кожойкеси» Тихановскаяны (президентикке кандидатурамды коем дегени үчүн Белоруссия бийлиги түрмөгө салып койгон, өлкөдөгү өтө популярдуу блогер Сергей Тихановскийдин жубайы) ушунча адам колдоп чыгат деп дегеле ойлошкон эмес.
Митингде Светлана Тихановская жана бирдиктүү оппозициянын лидерлери — президентке талапкер Виктор Бабариконун өкүлү Мария Колесникова жана президентке талапкер Валерий Цепкалонун аялы Вероника Цепкало сөз сүйлөшкөн.
Светлана Тихановская президенттикке шайланып калсам, түрмөдөгү саясий туткундардын баарын бошотом жана жарым жылдан кийин кайрадан эркин, акыйкат президенттик шайлоо өтөт деп убада берип жатат.
г