Алмазбек Баатырбеков: Күз-кыш мезгилинде социалдык объектилер жарык жана жылуулук менен камсыздалышы керек

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков күз-кыш мезгилиндеги жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. 

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, ошондой эле айтылып жаткан суунун аз болору боюнча маалыматтарга байланыштуу бул жыл биз үчүн маанилүү. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жылытуу сезону даяр болушу шарт. Коронавирус инфекциясынын айтылып жаткан экинчи толкунга даяр болуп, бардык социалдык мекемелер, анын ичинде ооруканалар жана бейтапканалар жылуулук менен камсыздалууга тийиш.  Ар бир министрлик жана мекемелер алдыдагы күз-кыш мезгилине кылдат даярдануусу керек», – деди Алмазбек Баатырбеков. 

Биринчи вице-премьер-министр жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси  баарынан биринчи саламаттык сактоо системасына тийиштүү экенин белгиледи.

 «Ар бир медициналык мекемеси кышка кандай даярдык көрүп жатканы боюнча маалыматтар берилип турушу зарыл. Бардык медициналык жайлар, өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясын берүүнүн кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Көмүр жана мазут менен камсыз кылууда маселе жаралбаш керек. Аларды өз учурунда сатып алуу үчүн Финансы министрлиги керектүү каражаттарды бөлүп берүүсү кажет. Муну менен катар бул боюнча облус жетекчилери жооптуу экениңерди эске салам. Cилер өз аймагыңырды жакшы билесиңер, ошондуктан экономика тармагынын, мекемелердин жана калктын күз-кыш мезгилине  өз учурунда жана толук кандуу даярдануусу үчүн  тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз иштешкиле», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Мындан тышкары Алмазбек Баатырбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.