Саясат

Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Кочкор айылындагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышы.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүдө зарыл болгон ички жолдорду куруу жана реконструкциялоонун маанисин белгиледи.

«Жүргүнчүлөр менен жүктөр ташылган жолдор өлкө экономикасынын артериясы болуп саналат. Аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, ооруканалар  менен мектептерди оңдоп-түзөө жана башка социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн минималдуу жол инфратүзүмү болушу зарыл. Кайсы гана иш болбосун жолсуз башталышы мүмкүн эмес», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл жерлериндеги жолдордун начар абалына байланыштуу жыл сайын өлкөнүн ар бир районунун борборунда 3 км жолду оңдоп-түзөө боюнча мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынгандыгын эске салды.

Үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү 23 шаардын жана 40 райондун 153 км ички жолун куруу жана ремонттоо пландаштырылган. Дээрлик бардык иштер ата мекендик жол-эксплуатациялоо ишканалары тарабынан аткарылат.

Мамлекет башчысына Кочкор айылынын борборун тартипке салуу максатында 3 км көчөгө асфальт басылып жатканын маалымдашты.

12 млн сомдук бул иштер республикалык бюджеттен каржыланууда. Жолдордун курулушу июль айынын аягында башталган, күзүндө жыйынтыкталат. Азыркы учурда жолдор түздөлүп, шагыл төшөлүүдө.

Бул жерде дагы Президент Сооронбай Жээнбеков турак жай жана жер көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди көтөргөн жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Мамлекет башчысы 2021-жылы Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында Кочкордо, жыйырма «өсүш чекитинин» бири катары социалдык-экономикалык жана инфратүзүмдүк өнүктүрүүнү караштырган программаларды ишке ашыруу башталарын өзгөчө белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аталган программалардын алкагында жергиликтүү жашоочулардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырыларын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button