Дүйнө

Ким Чен Ын иттерге каршы

Корея эл республикасынын  (Түндүк Корея) лидери Ким Чен Ын үйдө  ит кармаганга расмий тыюу салды. Анын оюу боюнча иттер капитализмдин символу болуп саналат. Бул туурасында The Daily Mail газетасы билдирди деп АиФ маалымдады.

Түндүк Корея иттерди багууга качан тыюу салды?

Британиялык басылманын маалыматы боюнча иттерди үйдөө кармоого Ким Чен Ын  2020-жылдын 20-июлунда эле тыюу салган. Ким Чен Ындын сөзү боюнча,  иттердин ээлери мыйзам бузучууларга теңелет, ал эми итти үйдө кармоо — «бузулган буржуазиялык идеология» болуп саналат. Пхеньяндын тургундарына иттерин тапшырууга буйрук берилди.  

Түштүк Кореялык «Чосон Ильбо» газета маалымдагандай, Түндүк Клореянын биликтегилери ээлерин таап чыгышып,  иттеринен баш тартууга  күчкө салышып мажубурлашууда. Же болбосо күч менен конфискациялап жатышат. Кээ бир иттерди мамлекеттик зоопарктарга, а кыйлаларын тамак жасоо үчүн ресторандарга сатып ийип жатышат.   

Иттерди багууга эмне үчүн тыюу салышы мүмкүн?

БУУнун (ООН) акыркы отчету боюнча, Түндүк Клореянын 60%ке жакын эли азык-түлүк тартыштыгына тушугушкан. КЭДРдин саясий режими жана ядролук прогараммасы үчүн эл аралык санкциялардын жарыяланышы кырдаалды ого бетер тереңдеткен фактор болуп саналат. Проблеманын курчушуна коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу Кытай менен чек аранын жабылышы да кошул-ташыл болгон. Абалдын ушундай татаал экенине карабастан, Ким Чен Ын сырттан эч кандай жардам сурабайбыз, баардык маселени өзүбүз чечебиз деп жатат.

Иттерди үйдө багууга салынган тыюунун, ээлерин кооптонткон жагы — алардын оюу боюнча бул чечим азык-түлүк маселесин чечүүгө багытталган. Көп мезгилге чейин Корея жарым аралында иттин эти чүйгүн тамак (деликатес) катары эсептелип келген. Бирок, азыркы учурда иттин этинен жасалган тамактар анча популярдуу эмес, айрыкча Түштүк Кореяда. Ошентсе дагы Түндүк Кореянын борборунда ушул убакка чейин иттин этинен тамак жасап саткан өтө популярдуу ресторандар бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button