Маданият

Самара Каримова сыртынан тон бычышпоосун суранды

Мындан эки күн мурда эле, КР эмгек сиңирген артисти, популярдуу ырчы, актриса Самара Каримова Жогорку Кеңешке «Биримдик» партиясынын атынан депутаттыка барат экен, деген маалыматтар соцжеледе желдей тарап, ар түркүн пикирлерди пайда кылган. Буга жооп кылып, ырчы өзү соцтармактын колдонуучуларына төмөнкүдөй кайрылуу жасады.

«Урматтуу мекендештер. Жогорку Кеңешке жакындап келе жатат. Соцжеледе кимдир бирөөлөрдүн колу менен, мени партиялардын тизмесине кирүүгө жанталашып, алардын аркасынан чуркап жүрөт деп эсептеген, жалган маанайдагы, далилсиз айыңдар пайда болду. Чын ниетимден айтып коеюн, мен эч бир партия менен “кудалашкан” да, мени тизмеге киргизгиле деп, эч кимден суранган да эмесмин. Менин ишмердигиме дайыма көз салып, абай салып жүргөндөр жакшы билишет, кандидатурамды «Биримдик» партиясынан Ош шаардык Кеңешине койгонумду. Бирок, мартта карантин болуп кетип, шайлоого кам көрүү токтоп калган. Ошондон бери мен чыгармачылыгым, үй-бүлөөм менен гана алекмин, менин үч тестиер балам бар.

Мен мекендештерим, алардын мыкты жашоосу, балдарынын татыктуу келечеги үчүн жан күйгүзгөн адаммын. Бул жөн эле сөз эмес. Азырынча, колумдан келишинче соопчулук иштерди жасап жатамын. Албетте, мен тек гана чыгармачылык менен алпуруша берсем да болот. Бирок, биздин адамдар үчүн мындан чоң иштерди жасап бере алам деп ишенем, эгерде мени шаардын депуттатыгына татыктуу деп эсептешсе. Мен Жогорку Кеңештин депутаттыгына кандидат болоюн деген ойдон таптакыр алысмын. Муну мен, азырынча эрте жана мааниси жок деп эсептеймин.  

Урматтуу жарандаштар, соцжелеге пикирлериңерди акылга салып туруп жазсаңыздар деп, чакыраар элем, Силерди. Менин шаардык кеңешке дептутат болоюн дегеним  — негизги максатым эмес, тескерисинче адамдарга мүмкүн болушунча пайда алып келүү. Мен «Биримдик» партиясынын мүчөсүмүн да, акыр аягына чейин ушул саясий уюмдун максаттарына жана талаптарына туруктуу боломун. “Дарак бир жерден көгөрөт” деген акылман сөз бекеринен чыккан эмес да.
Мен баардык партияларга жана «Биримдик» партиясынан депутаттыкка кандидаттарга ийгилик каалаймын.

Терең урматым менен: Самара Каримова».

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button