Пайдалуу кеңештер

Самынбы же антисептикпи — кайсынысы коронавирустан жакшы сактайт. Колду 20 секунд самындаш керек

Эксперт эмне үчүн дезинфекциялоочу каражаттар алда канча эффективдүү, бирок самынды да унутууга болбойт деди.

Врач-инфекционист, медицина илимдеринин кандидаты Илья Борисович Акинфеев «Ридус» интернет-басылмасына  колду тазалоочу антисептиктин эффективдүүлүгү канчалык экенин айтып берген.

Же самын эле пайдаланган оңбу?  

Далилдүү медицинада  гриппти жана вирустук ооруларды профилактика кылууда терини тазалоочу антисептиктердин натыйжалуулугу бир нече ирээт бышыкталган, дейт адис. Эгерде антисептик менен самынды салыштыра турган болсок, албетте биринчиси жеңет, дейт ал.

Самын — щелочь, ошондуктан ал сизди спирт сактагандай сактай албайт. Спирт вирустун белокторун жана анын бүтүндөй түзүлүшүн бузуп жок кылат. Ошондуктан, дайыма жаныңарда антисептик алып жүргүлө, ал жок болсо анда самын менен колуңарды өтө жышып жуугула, дейт эксперт.

Колду тазалоочу антисептиктер хлорлуу жана спирттүү болот

Хлорлуу антисептик колдун терисине жагыштуу, бирок оору козгоочу микробдордон начарыраак коргойт. Спирттүү антисептикттер — вируска каршы күрөшүүдө алда канча эффективдүү (бирок эпидермисти өтө кургатып иет).  

Адистердин пикири боюнча микробдорду жок кылуучу дезинфекциялоочу каражаттар 60тан 95%ке чейин спирттен туруш керек.

Бирок колду самындап жууп турушту да таптакыр унутууга болбойт. Коронавирус менен ноокастап калууну төмөндөтүү үчүн колуңарды 20 секунддан кем эмес самындашыңар керек. Өз ден соолугуңар – өз колуңарда – аны сактагыла.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button