Врач коронавирус эпидемиясы качан токтоорун айтты

Баарынан таң калычтуусу COVID-19 илдетин пайда кыла турган SARS-CoV-2 коронавирусу өтө жай мутация болууда. Бул туралуу “Россия 24” телеканалынын эфиринде, врач-кардиолог, Россия илимдер академиясынын (РАН) корреспондент-мүчөсү, Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) клиникасынын илимий иштер боюнча директорунун орунбасары Симон Мацкеплишвили, коронавирустун экинчи толкунунун келиши жөнүндөгү суроого жооп берип жатып айтып өттү.

“Менимче, коронавирустун таржымалы акырындап барып басылат, айрыкча кеңири эмдөө башталгандан кийин, – деп белгиледи ал. – Таң калычтуусу, коронавирус өтө аз жана өтө начар мутация болуп жатат, андыктан биз аны толук жеңе алабыз“.

Врачтын пикири боюнча,  COVID-19дун экинчи толкуну болбойт, эл жумушка чыгып, балдар окуй баштаганына байланыштуу илдет бир аз гана көбөйүшү ыктымал.

“Бирок, принцибинде, мен ойлойм, жылдын аягында акырындап барып биротоло басылат”, – деп тыянактады эксперт.

“Спутник V” вакцинасынын жарандык пайдаланууга берилгендиги тууралуу Мацкеплишвили, бул бүт каалагандардын баарын эле эмдей берет дегендикти билдирбейт деди.

Жарандык пайдаланууга берилгендиги– аны сатып алууга, же  поликлиникага келип эмдетүү дегендикти билдирбейт. Азыр үчүнүчү фаза – вакциананы сыноонун эң негизги фазасы башталат”, – деп түшүндүрдү ал.

Эксперттин сөзү боюнча, вакцина өзүн жакшы көрөсөтө алды, окумуштуулар анын коопсуздугуна ишенишет.   

“Биз анын антителаларды жарата алаарын билебиз, эми болсо ыктыярдууларга сынап көрүп, реалдуу инфекциядан сактай  алабы, ошону текшеришибиз керек”, -деп белгиледи врач.

Эксперттердин сөзү боюнча, 18 ден 60 жашка чейинкилерди тестирлөөнүн натыйжасы менен таанышкандан кийин, улгайган кишилер менен өнөкөт оорулары барлардын арасынан ыктыярдууларга изилдөө башталат.Так ушул адамдар тобокелдүү топко киришет, вакцина биринчи кезекте ошолор үчүн иштелген, деп айтты врач.

Мацкеплишвилинин пикири боюнча балдарга вакцинанын муктаждыгы тийбейт.

“Акыркы маалыматтарга караганда, балдар оорубасын көрүп жатабыз. Алар антителаларды пайда кылуулары, жугузуп алуулары мүмкүн,бирок оорушпайт, иш жүзүндө өлүмгө да учурашпайт, -деп айтты врач. – Вакцина 60тан жана 65тен өткөндөр үчүн айрыкча зарыл”.