Пайдалуу кеңештер

Адис адамдын өмүрүн кыскарта турган зыяндуу тамакты атады

Врач-эндокринолог, медицина илимдеринин кандидаты Зухра Шариповна Павлова, адамдын өмүрүн кыскарта турган зыяндуу тамак катары колбасаны атады, деп билдирди РИА Новости. 

Анын айтымында колбасада нитраттар өтө эле көп. Нитраттарды фаршка кошушат, этке инфекция жабышпасын деп. Мисалы, клостридия же ботулизм.  «Нитраттар бизди сакташат, бирок белоктор менен реакцияга кирип, азык-түлүктүн акыркы гликированиясы деген өтө жаман заттарды жаратат», — деп жазды врач өзүнүн Instagram баракчасында.

Ал эми азык түлүктүн акыркы гликированиясы жүрөк ооруларынын, экинчи типтеги кант диабетинин, онкологиялык оорулардын өөрчүшүнө алып келиши толук ыктымал, ошондой эле адамдын өмүрүн кыскартат.

Ошону менен бирге Зухра Павлова кымбат дүкөндөрдө сатылып жаткан “органикалык азык-түлүк” («органический продукт»), деген белгиси бар колбасаларга да токтолду.  

«Азгырылбагыла. Ботулизмден качыш үчүн фаршка өзгөчө бактерияларды кошушат, а алар нитраттарды  синтездешет – баарынан зыяндуусу ошол. Анткени, натыйжада органикалык колбаса арзан сосискалар сыяктуу эле ар түркүн катуу оорулардын детонаторуна айланып кетет», — деп эскертти эксперт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button